Чүй жана Ысык-Көл облустарында кошумча көзөмөл-өткөрүү түйүндөрү пайда болот.
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей,
жол эрежелерин аныктаган посттор Кемин, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында жана
Чок-Тал айылында коюлат. Түйүндөрдө жол тескөөчү кызматкерлер менен чогуу
наркологдор жана ММКнын өкүлдөрү иштейт. Кошумчаласак, акыркы жумада
республикада 15 миңге жакын жол эрежесин бузуу аныкталды.