Жайыл районундагы “Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жылынуучу жай иштеп жатат

Жайыл районундагы “Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жылынуучу жай иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бул жерден айдоочулар жана

жүргүнчүлөр ысык суу, тамак жана чай алса болот. Чатырлар 250 адамга чакталат.

Жылынуучу түйүн Бишкек – Ош унаа жолу ачылганга чейин иштеп турат. Эске салсак,

аталган трассада кардын калың жааганынан улам кыймылга чектөө киргизилди.

Андан унаалар качантан тартып өткөрүлө баштайт азырынча белгисиз.