Жогорку Кеңеш комитети «Коопсуз шаар» долбооруна айыптын көлөмүн азайтуу боюнча мыйзамдын концепциясын жактырды

Жогорку Кеңеш комитети «Коопсуз шаар» долбооруна айыптын
көлөмүн азайтуу боюнча мыйзамдын концепциясын жактырды.
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев белгилегендей,
мыйзам долбоор жол эрежелерин бузган үчүн айыптын көлөмүн азайтуу максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, бир катар айыптарды
төмөндөтүү сунушталууда. Алсак, айып 15 күндүн ичинде төлөнсө,
70 пайызга кыскарат. Тагыраагы,
1 миң сомдун ордуна 300 сом гана төлөнөт.