Өзбекстан жарандарына Кыргызстанда 30 күн каттоосуз жүрүүгө уруксат берүү сунушталды

Өзбекстан жарандарына Кыргызстанда 30 күн каттоосуз жүрүүгө уруксат берүү сунушталды. Тиешелүү токтом долбоорун министрлер кабинетинин чечими менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги даярдады.

 

Ведомство ошондой эле Азербайжан жарандарына каттоо мөөнөтүн 10 күндөн 30 күнгө чейин узартууну сунуштайт. Эске салсак, азыркы мыйзамдарда коңшу өлкөнүн жарандары үчүн мындай норма жок.