Чет өлкөдө жүргөн мигранттардын электрондук маалымат базасы түзүлүп жатат

Чет өлкөдө жүргөн мигранттардын электрондук маалымат базасы түзүлүп жатат.

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, пилоттук долбоор биринчи Жалал-Абад облусунда башталып, Сузак районунун алты айыл аймагында үймө-үй кыдыруу учурунда чет жакта эмгектенип жүргөн адамдар тууралуу маалымат чогултулду.

 

Алар маалымат базасына киргизилди. Министрлик бул миграция жаатындагы статистиканы так чыгарууга мүмкүнчүлүк бере турганын белгилейт. Эми бул системаны башка аймактарга да жайылтуу пландалууда.