Россияда чет элдик жарандардын жүрүү мөөнөтү 15-декабрга чейин узартылды

Россияда чет элдик жарандардын жүрүү мөөнөтү 15-декабрга чейин узартылды. Тиешелүү жарлыкка президент Владимир Путин кол койду. Документ чет элдик жарандарга жана жарандыгы жокторго, пандемия үчүн чек аралар жабылып, белгисиз шарттарда калып калгандарга дагы тиешелүү.

 

Айрымдарында паспорттун жарактуу мөөнөтү же эмгек келишими жокко чыгышы мүмкүн. Жарлыкка ылайык, мындай жарандар Россия аймагында 15-декабрга чейин кала алат. Буга чейинки мөөнөт 15-сентябрь болчу.