Кыргызстандын 807 миңден ашык жараны учурда чет мамлекеттерде иштеп жүрөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Анын айтымында, мигранттардын басымдуусу Россияда жүрөт – расмий маалымат боюнча, бул өлкөдөгү кыргызстандыктардын саны 680 минден ашат. Бул чет мамлекеттерге эмгектенүүгө кеткендердин 84 пайызын түзөт.