Чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар айрым документтерди аралыктан эле алса болот

Чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар айрым документтерди аралыктан эле алса болот.

Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, бул “Документтерди талап кылуу” автоматташтырылган

маалыматтык системасы аркылуу мүмкүн болот. Андан жарандар, салык карыздары боюнча,

пенсия, кызмат мөөнөтү тууралуу, никедеги укуктары боюнча, соттолбогондугу тууралуу маалым каттарды,

ошондой эле айдоочулук күбөлүктөрдүн жасалбаганын аныктоо жана билими тууралуу документтерди алса болот.

Бардык электрондук маалым каттарга ошол мамлекеттеги консулдуктун тиешелүү өкүлүнүн электрондук кол тамгасы коюлат.