Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы медициналык мекеме пайда болду

Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы медициналык мекеме пайда болду.

Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, фельдшердик акушердик түйүн

Эски Покровка айылында жайгашат. Курулуш иштери декабрда аяктаган.

Бирок пандемиядан улам эми гана ачылып, пайдаланууга берилди.

Иштерге 4 миллион сом сарпталды. Каражатты чет элдик инвестор бөлүп берди.

Буга чейин аталган аймакта ФАП жок болчу, жергиликтүү 2миңден ашык калкка

медициналык жардам айыл өкмөтү жайгашкан имараттын бир бөлмөсүндө көрсөтүлүп келген.