Чилиде компания кызматкерине жаңылыштык менен 286 айлыгын бир эле которуп салды

Чилиде компания кызматкерине жаңылыштык менен 286 айлыгын бир эле которуп салды.

 

Жалпы сумма 40 миллион доллардан ашты. Эркек бул катачылык тууралуу жетекчилигине билдиргенден кийин, андан акчаны кайтарып берүүнү суранышкан.

 

Кызматкер макул болуп, эртеси банкка бара турганын билдирген. Бирок ал банкка дагы, жумушуна дагы келген жок. Эркек аралыктан жумуштан кетүү боюнча арыз берип, телефон номерин өзгөртүп салган. Ал эми компания аны сотко берүү ниетинде.