Жалал-Абад шаарында тез татымдардын биринен шаурма жеген 23 адам ууланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ооруканынын башкы дарыгери Кумар Ботокараев билдирди.
Анын айтымында, медициналык жардамга кайрылгандардын абалы туруктуу, дары-дармек жетиштүү. Массалык уулануу боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Белгилеп кетсек, адистер күн ысыкта тез татым түйүндөрүнөн тамактануудан баш тартууну сунуштайт