Чоң-Алайда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу кичи завод курулат

Ош облусунун Чоң-Алай районунда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу кичи завод курулат.

Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты.

Учурда тиешелүү жабдыктар келип баштады.

Аталган заводко райондун региондорду өнүктүрүү фондунан 10 миллион сомдон ашуун суммадагы долбоор жактырылды.

Долбоорго колдоо көрсөтүү максатында Ош облустук өнүктүрүү фондунан кошумча 6 миллион сом бөлүндү.

Ишкананы ушул айдын аягына чейин ишке берүү пландалууда.