CASA-1000 долбоору боюнча курулуш иштери ушул жылы башталат.
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдиргендей, бүгүнкү күндө
техникалык жана даярдык иштери бүтүп, ресурстар жеткирилди. Эми электр энергиясын
өндүрүүнүн көлөмү жана аны жеткирүү маселеси талкууланат. Ал эми техникалык багыт боюнча
Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, долбоордун алкаганда
“Датка” подстанциясынан Тажикстандын “Сугд” подстанциясына чейин узундугу 477 чакырымга
созулган линия тартылат. Анын басымдуу бөлүгү биздин өлкө аркылуу өтөт.
Кыргызстандагы иштерди эл аралык банктар каржылайт.