Президент Садыр Жапаров 1-2-июнь күндөрү иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы билим берүү жана башка объектилердин абалы менен таанышат.
Ошондой эле реконструкциядан өткөн Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачат.
Комплекстин ачылышы УТРК жана республикалык телеканалдар аркылуу түз көрсөтүлөт.
Эфир болжол менен саат 14:00до башталат.