Кантта майыптыгы бар балдар үчүн спорт комплекси курулат

Кантта майыптыгы бар балдар үчүн 1,5 миллион долларга спорт комплекси курулат.

Спорт мектептин директору Алмазбек Абиров билдиргендей, курулуш 2 гектарга жакын жерди ээлейт жана бардык шарттар түзүлөт.

Маалыматка ылайык, имараттын курулушун Азия паралимпиадалык комитети каржылайт.

Ал эми машыгуу үчүн шаймандар чет өлкөдөн алып келинет.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 70ке жакын спорт мектеби болсо, анын экөөсүндө гана майыптыгы бар балдар машыга алышат.