COVID-19: АКШ жакыр өлкөлөргө 80 миллион доза вакцина таратат

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон коронавируска каршы вакцинанын 80 миллион дозасын башка мамлекеттерге таркатып берерин билдирди. Блинкен бул тууралуу 2-июнда АКШнын Сан-Хоседеги элчилигинде сүйлөп жатып айтты. Ал акыркы план жакыр мамлекеттерге вакцинаны бөлүштүрүү боюнча COVAX глобалдык эл аралык программасы менен макулдашыларын билдирди.

«Биз вакциналарды таратуу процесси кандай критерийлер менен жүрөрүн жакында жарыялайбыз. Эң негизгиси биз вакциналарды адилеттүү бөлүштүрүүгө, илимге көңүл бурабыз. Биз COVAX механизми менен координациялашкан иш жүргүзүп, вакциналарды саясий чектөөлөргө карабастан бөлүштүрөбүз»-деди мамкатчы.

АКШ президенти Жо Байден июнь айынын соңуна чейин АКШ 80 миллион доза вакцинаны бей-бечара мамлекеттерге таркатып берерин жарыялаган.

2-июнда COVAX механизми ар кандай мамлекеттерден жана жеке демөөрчүлөрдөн алгылыктуу колдоо тапканын жарыялады. Демөөрчүлөр 2,4 миллиард доллар бөлүп берүүнү убада кылышкан. Июнда COVAX программасынын алкагында Кыргызстан да «AstraZeneca» вакцинасынын 210 миң кишиге жеткидей дозасын алары кабарланган.