Түркиянын Измир шаарындагы зилзалада ураган имараттын алдында калган
4 жаштагы кыз 4 күндөн кийин аман табылды. Калаанын мэри Тунч Сойер Twittter
баракчасына жарыялагандай, куткаруучулар бөбөктү аман-эсен алып чыгышты.
Кызды дароо ооруканага алып кетишкен, учурда абалы канааттандырарлык.
Эске салсак, 30-октябрда Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен
жер титирөө катталды. Очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп,
ал Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан.