Ашхабадда дарыгерлер жумуш учурунда телефон колдонбоого милдеттендирилди

Ашхабадда дарыгерлер жумуш учурунда телефон колдонбоого милдеттендирилди.

Буга чейин Түркмөнстанда окуу жайларда да мобилдүү телефон колдонууга тыюу салынган.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы мектептерде окуучуларга гана эмес,

мугалимдерге да мобилдүү телефон колдонууга тыюу салынганын маалымдаган.

Түркмөн бийлиги калктын маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрүн чектеп,

бул багытта көзөмөлдү күчөтүүнү улантууда.