Дүйнөдөгү эң кирешелүү музыканттар аныкталды

Дүйнөдөгү эң кирешелүү музыканттар аныкталды.

Forbes басылмасы түзгөн рейтингге караганда, сап башына реп ырчысы Канье Уэст чыкты.

Анын кирешеси 171 миллион долларга бааланат. 43 жаштагы ырчы кирешенин басымдуу

бөлүгүн өзүнүн брендиндеги кийимдерди чыгаруудан табат. Андан кийин 73 жаштагы

Элтон Джон 81 миллион доллар кирешеси менен жайгашты. Үчүнчүдө Ариана Гранде

72 миллион доллары менен турат. Кийинки саптарда Эд Ширан,

Тейлор Свифт, пост Малон жана «The Rolling Stones» тобу бар.