Бишкекте 7 мектептин курулушу уланууда

Бишкекте 7 мектептин курулушу уланууда.

Ордо калаа мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси

Эльмира Иманалиева билдиргендей, билим берүү мекемелеринин айрымдары

ушул жылдын аягына чейин ачылышы керек болчу. Бирок курулуш иштери созулуп жатат.

Тагыраагы, каражат бөлүү маселесине байланыштуу. Учурда №54 жана 69-мектептерге

чуңкур казылган, №18 жана 16-мектептердин биринчи кабаты көтөрүлдү,

ал эми №59, 72, 12-мектептерде ички жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат.