Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавирустан вакцина сатып алууга 20 миллион доллар бөлүп берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавирустан вакцина сатып алууга 20 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу каржы мекемесинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Каражаттын жарымы өлкөгө грант түрүндө келсе, калган 10 миллион 38 жылга насыяга берилет.

 

Бул каражатка өлкө бийлиги коронавирустан вакцина сатып алып, калктын 45 пайызын эмдөө ниетинде. Эске салсак, Кыргызстана ушул айдын аягына чейин Кытайдан, Улуу Британиядан жана Россиядан вакциналардын келиши күтүлүүдө.