Муниципалдык автоунаа токтотуучу жайлар карантин маалында акысыз

Карантинге байланыштуу базарлардын жанындагы муниципалитетке караган унаа токтотуучу жайлар тейленген жок. Демек, ал жерлерге унаасын токтоткондордон эч ким акы албашы керек. Мындай маалыматты шаардык мэриядан таратышты.

 

«Унааңыздарды токтотуп жатканда белгилерге көңүл буруңуздар. Ал жерде автопарк муниципалитетке тиешелүү экенин билдирген маалымат тактайчалары болушу керек. Экинчиден, биздин кызматкерлер атайын «МП» деген логотиби бар кызгылт сары форма кийип жүрүшөт. Алар сөзсүз акы төлөнгөнү жөнүндө мөөрү бар талон берет. Расмий тариф чектелбеген убакытка 25 сом. Андыктан карантин маалында муниципалитетке тиешелүү жерлерге токтогон унаа ээлеринен акы талап кылган фактыларга күбө болсоңуз 0550760966, 547967 номуруна байланышыңыз. Фото, видео тартып алып жөнөтсө да болот», — деп айтылат маалыматта.