Сокулук районунун акимине сөгүш жарыяланды

Чүй облусунун Сокулук районунун акими Асылбек Сатывалдиевге сөгүш жарыяланды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгонун 13-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка караганда, аким кызматтык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбаганы жана Республикалык ыкчам штабдын чечимдеринин аткарылышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн сөгүш алды.

 

Буга чейин Сокулук районунда COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптар менен иш алып барган медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр өз убагында берилбей жатканы айтылган.