Кыргызстанга кытайлык “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасы 20-июнга чейин жеткирилет

Кыргызстанга кытайлык “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасы 20-июнга чейин жеткирилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

 

Анын айтымында, буга чейин белгилүү болгондой, препараттын экинчи партиясын жеткирүү үчүн чартердик каттам уюштурулат.

 

Эске салсак, өлкөгө кытайдын “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасы келип, массалык эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган.