Дөөлөт Сыдыков «Манас» эпосун узак айтуу боюнча рекорд жаратты.
Манасчы эпосту токтоосуз 14 саат 27 мүнөт айтты. Сыдыковдун рекорду
Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында катталды. Манас айтуу 12-ноябрда таңда башталып,
13-ноябрда түн ортосунда аяктады. Белгилеп кетсек, Гиннестин рекорддор
китебине кирүү үчүн 12 саат бою үзгүлтүксүз «Манас» эпосун айтуу каралган.