Сан-Францискодо жылуулук жана тамак-аш даярдоо үчүн газ колдонууга тыюу салынат

Сан-Францискодо келээрки жылдан тартып жаңы үйлөрдө жылуулук жана

тамак-аш даярдоо үчүн газ колдонууга тыюу салынат. Буга шаардык

байкоочулар кеңиши добуш беришти. Жаңы курулуштарда бир гана

электр энергиясы пайдаланылат. Бийлик өкүлдөрү белгилешкендей,

мындай ыкма өрт чыгуу коркунучун азайтат.

Ошондой эле экологияны коргоого жардам берет.