Кыргызстанда быйыл күздө маданият кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт

Кыргызстанда быйыл күздө маданият кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” маданият министри Кайрат Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, кайсы мекемеге канча пайыз кошуларын Экономика жана

каржы министрлиги эсептеп жатат. Ал эми учурда айрым театр, цирк жана

китепканада иштеген кызматкерлердин маянасы 3 миң сомдон 10 миң сомго араң жетет.

Эске салсак, былтыр майда өкмөттүн маданият кызматкерлеринин

айлыгы 80 пайызга көбөйө турган чечими чыккан.