Франциянын Гренобль шаары 2022-жылы Европанын Жашыл борбору деп табылды

Франциянын Гренобль шаары 2022-жылы Европанын Жашыл борбору деп табылды. Тиешелүү чечимди Европалык комиссия кабыл алды. Ага ылайык, Гренобль сынакта Таллин, Дижон жана Турин шаарларын артта калтырды.

 

Жашыл борбор аталыш үчүн 18 калаа талапкер болду. Жеңүүчүнү аныктоодо шардагы экологиялык транспорттун түрлөрүн киргизүү, парковкаларды кеңейтүү, эс алуу аймактарын түзүү жана калдыктарды туура жок кылуу системалары эске алынды.