Кыргызстанда жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу жанданды

 

Кыргызстанда жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу жанданды. Жогрку кеңешке шайлоолорго байланыштуу, биометрика чогултуу 20-сентябрда токтотулган.

 

Белгилеп кетсек, маалымат тапшыруу акысыз жана калкты тейлөө борборлорунда, ЗАГСтарда жүргүзүлөт. Жарандардын жанында ID-карта же жалпы жарандык паспорту болушу керек. Эске салсак, мыйзамга ылайык, Кыргызстанда биометрикалык маалыматын тапшырган жарандар гана добуш берүү укугуна ээ.