АКШда “Blueface” каймана аты менен белгилүү болгон жаш ырчы көчөдөн 50 миң доллар чачты. Рэп аткаруучу унаасынын үстүнө чыгып, топтолуп турган адамдарга карата акча ыргытты.
Топтун басымдуу бөлүгү үй-жайсыз адамдар болгон. Видеону көргөн күйөрмандары анын бул кылыгын үй-жайсыз адамдарды сыйлабагандык деген пикирлерин билдиришти. Ал эми кыргызстандык колдонуучулар адатта биздин ырчылар америкалыктарды туурап келишкендерин баса белгилеп жатат.