Британиялыктар Германиянын футбол боюнча курамасынын ыйлап жаткан кичинекей күйөрманына 50 миң доллар чогултуп беришти. Европа чемпионатынын плей-офф бөлүгүндө Германия англиялыктарга 2:0 эсебинде утулуп калган.
Оюндун аягында бетине Германиянын желектери тартылган кичинекей ыйлап жаткан кыз чоң экрандан көрсөтүлгөн.
Ага жүрөгү ооруган британиялык күйөрмандар каражат чогултуп, кыздын ата-энеси менен байланышкан. Анын жакындары кызда бардыгы жайында экенин айтышып, акча кайрымдуулукка жумшалды.