Быйылкы “Грэмми” сыйлыгын тапшыруу аземи коронавирустан улам
белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Иш-чара 31-январда өтмөк. Бирок
пандемияга байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилди. Аземдин өтө турган
так күнү кийин айтылат. Эске салсак, былтыр дагы “Граммини” тапшыруу
31-январдан 14-мартка жылдырылган. Быйыл аталган сыйлыкка
ар категорияда 10 аткаруучу көрсөтүлдү.