Илон Маск планетанын эң бай адамдарынын бешилтигине кирди

Илон Маск планетанын эң бай адамдарынын бешилтигине кирди. Tesla компаниясынын акциялары өскөндүктөн, анын негиздөөчүсүнүн байлыгы 1 суткада эле 5 миллиард долларга көбөйүп, 74 миллиардга жетти, — деп жазды Форбс.

 

Биринчи ирет аталган рейтингге Илон Маск июнда кирип, 10-орунга жайгашкан. Ал эми мартта эле ал 30 бай адамдардын катарына дагы кирген эмес. Биринчи орунда мурдагыдай эле Амазондун негиздөөчүсү Джефф Безос турат. Анын байлыгы дээрлик 190 миллиард доллар.