Германия жараны 6 миллион еврого бааланган мүлкүн коңшуларына мураска калтырды

Германия жараны 6 миллион еврого бааланган мүлкүн коңшуларына мураска калтырды. Пенсионер Рената Веделдин банктагы эсеби, баалуу буюмдары, үй-мүлкү анын кошуналарына берилет.

 

Мураска калтырылган мүлктүн жалпы наркы   6 миллион 200 миң еврону же  629 миллион 173 миң сомду түзөт. Рената Ведель өткөн жылы 81 жаш курагында Франкфурт-на-Майне шаарында көз жумган.