Бишкектеги кафеден ролл жеп ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны 179га жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалымат бүгүн, 26-октябрь, саат 11:00гө карата алынган. Билдирмеге караганда, статистикага Чүй облусу да кошулган. Тамакка ууланып кайрылган 179 адамдын 18и балдар.
Ууланып ооруканада дарыланып жаткандар:
- Темир жол ооруканасы — 13;
- 3-шаардык клиникалык балдар ооруканасы — 12;
- Улуттук госпиталь — 24;
- Ысык-Атадагы жалпы дарыгердик практика борбору — 1.
Калганы медициналык жардам алган соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн.
Эске салсак, 24-октябрда «Империя пиццы» кафесинин тамагына ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган.