Ошто Баткен окуясында курман болгондор эскерилүүдө

Ош шаарында бүгүн 26-октябрда Баткен окуясында курман болгондор эскерилүүдө. Токтогул эс алуу багындагы Ооган согушунда каза болгондордун эстелигинин алдында уюштурулган иш-чарага Баткен согушунун 100гө чукул ардагери, жергиликтүү бийлик жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

 

Эскерүүгө келген айрым катышуучулар мамлекет ардагерлерге жетишерлик көңүл бурбай жатканын айтышты. Ош шаарында алигүнчө Баткен окуясында курман болгондорго эстелик тургузула электигин белгилешти.

 

«Өзбекстандын ислам кыймылынын» террордук согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 20 жыл мурдагы кагылышуусу «Баткен согушу», «Баткен окуясы», «Баткен коогалаңы» деген ат менен тарыхта калды. Анда 53 адам курман болуп, 130дан ашыгы жараат алган.