Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 27-сентябрдан тарта 1-октябрга чейин трассанын Боом капчыгайына тиешелүү 131-чакырымында таштарды атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин жол маал-маалы менен тосулат. Айдоочуларга каттамын эртелеп пландап алуу сунушталат.