Быйыл 5 айда калкка көрсөтүлгөн кызматтарга тарифтер 4 пайызга жогорулады.
Көрсөткүч январь-май аралыгында түзүлдү, ал былтыркы жылдын ушул эле мезгилине тиешелүү.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, баалардын эң чоң өсүшү жүргүнчүлөрдү
ташуу кызматтары боюнча – 14 пайызга, анын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуучу аба
каттамдары — 2,7 эсеге, амбулатордук кызматтар – 7 пайызга, бут кийим оңдоо жана
тигүүчүлүк – 4 пайызга кымбаттады. Кошумчаласак, быйыл аталган
мөөнөт аралыгында өлкөдө инфляция 4,8 пайызды түздү.