Японияда келечектин шаары курулуп баштады. Ал жасалма интеллект тармагындагы технологияларды сыноодон өткөрүү үчүн полигон болуп, бирок кадимки шаардай эле курулат.
Бул “жандуу лабораториянын” жалпы аянты 71 гектарды түзүп, анда 3 түрлүү жол салынат. Биринчиси жөө жүрүүчүлөргө, экинчиси электросамокат менен жүргөндөргө, үчүнчүсү унаалар үчүн. Баштапкы этапта бул шаарда ар кандай жаш курак категориясындагы 360 адам жана 2 миңден ашык окумуштуу жашайт.