Баткен облусунун аймагында ири төрт канал пайда болот.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, суу объектилери Кадамжай,
Баткен жана Лейлек райондорунда курулууда. Каналдардын жалпы узундугу дээрлик
68 чакырымды түзөт. Жалпы керектелчү сумма 1 миллиард 281 миллион сом.
Иштерге каражат республикалык бюджеттен жана инвестициялардын эсебинен жүрүп жатат.
Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү 2026-жылга чейин.