Бишкек шаардык кеңешине шайлоого 29 партия катталды

Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуу үчүн жалпы 31 саясий партиядан арыз түшүп, анын 29у каттоодон өттү.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди. Анын айтымында эки партия ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маалымат бербегенине байланыштуу катталган жок.

 

Шайлоого катышууну каалаган партиялардын арызын кабыл алуу бүгүн, 1-мартта түнкү саат 24:00дө аяктайт. Жергиликтүү кеңштерге шайлоо 11-апрелге белгиленген.