Японияда суу ташкыны коркунучунан улам 3 миллиондон ашык адам эвакуацияланды

Японияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчкү жана суу ташкыны пайда болушу күтүлүп жаткан аймактардан жалпы 3 миллиондон ашык адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.

 

Маалыматка ылайык, бир канча күндөн бери нөшөрлөп жаап жаткан жамгырдын кесепетинен өлкөнүн Фукуока, Нагасаки, Сага, Оита, Кумамото жана Кагосима сыяктуу аймактарында жер көчкү жүрүү коркунучу жаралууда. Мындан улам өлкө бийлиги жарандарды болушунча сак болууга чакырды.

«Калк үчүн кооптуулук деңгээли өтө жогору. Нөшөрлөгөн жаан акыркы 10 жылда болуп көрбөгөндөй эбегейсиз чоң зыян алып келиши күтүлүүдө«, — деп билдирүү тараткан өлкө бийлиги.

 

Белгилей кетсек, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү учурда суу ташкындарынан улам катуу жабыркоодо. Түркияда 1 күндө 27 адам селдин курмандыгы болгону кабарланган.