Салыктык мунапыска илинген ишкерлердин жарым миллиард сом айып пулу кечирилди

Салык кызматы жарыяланган мунапыстын алкагында салыктык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызын жойгон 9 452 субъектинин 573,4 миллион сомдук айып пулун кечти. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

Мындай мунапыс 2020-жылдын август айында киргизилген.

 

6 605 салык төлөөчү салык карызынын негизги суммасын — 424,2 миллион сом төлөгөн. Алардын тууму 399,1 миллион сом, айып пулу 39,3 миллион сомго жеткен болчу.

2 847 субъект камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын негизги суммасын — 250,3 миллион сом төлөгөн. Алардын айып пулу жана тууму 134,8 миллион сомго жеткен.

 

Белгилей кетсек, буга чейин пандемияга байланыштуу эгер ишкерлер салыктык жана Социалдык фонддун төгүмдөрүнүн негизги суммасын 2021-жылдын 1-июлуна чейин төлөсө туум жана айып пулдан толугу менен бошотуу мыйзамы кабыл алынган. Ал эми декабрга чейин төлөсө 50 пайыздык жеңилдик берилет.

2020-жылдын 1-июлуна чейинки Социалдык фондго болгон бардык карызына, ал эми салык боюнча алты жылдык карызына жогорудагыдай жеңилдик берүү каралган.