Япониянын Тояма префектурасында мышык полиция бөлүмүн бир күн жетектеди

Япониянын Тояма префектурасында мышык полиция бөлүмүн бир күн жетектеди.

РИА Новости билдиргендей, Коко аттуу мышыкка мындай мүмкүнчүлүк адам өмүрүн

сактап калганы үчүн берилди. Сууга кулап кеткен эркек адамды мышык көз албай тиктеп турган.

Муну байкаган анын ээси келип куткаруучуларды чакырды. Коконун мындай ишине полициянын

грамотасы берилип, атайын форма кийгизилип, башына кичинекей фуражка тагылды.

Бир күн ичинде Коко башталгыч класстын окуучуларына өтүлгөн жол коопсуздугу сабагына катышып,

тиешелүү декларацияга кол койгонго жана документке манжаларынын изин мөөр катары түшүргөнгө жетишти.