Кыргызстанда карантин азырынча киргизилбейт

Кыргызстанда карантин азырынча киргизилбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жарыялады. Анын айтымында, өткөн жылы локдаундан кийин өлкө “чоң насыяларды алган”.

 

Аларды төлөш керек болгондуктан, бийлипк азырынча чоң карантиндик чектөөлөрдү киргизбей турууну чечти. Министр белгилегендей, бирок санитардык нормаларды сактоо зарыл. Жарандар беткаптарды кийип, социалдык аралыкты сактап, антисептиктерди колдонуп жүрүшү керек.