Италияда 1 жумада 400 чакырымды басып өткөн эркек кармалды

Италияда 1 жумада 400 чакырымды басып өткөн эркек кармалды. Ал мындай алыскы сапарга аялы менен урушкандан кийин чыккан. Эсептөөлөргө ылайык, эркек уктабай, эс албай 79 саат басты.

 

Полиция аны байкаганда, эркектин алы кетип, чарчап калган. Бийлик аны коменданттык саат эрежелерди бузгандыгы үчүн айыпка тартып, мейманканага жайгаштырышты. Анын аялына тиешелүү кабар берилип, ал жакында күйөөсүн алып кетет.