Facebookтун бардык кызматкерлерине аралыктан иштөөгө уруксат берилди.
Муну менен 60 миң жумушчу онлайн форматтагы иш графигин тандай алат, — деп
билдирди Bloomberg. Жетекчилик эскерткендей, кызматкерлер жашоо деңгээли
төмөн аймакка көчүп кетсе, алардын маянасы жогорулайт. Пландалгандай,
сентябрга чейин соцтармактын АКШдагы кеңселеринин
көпчүлүгү 50 пайызга толуп, октябрда толук ачылат.