Эки округда кайра өтө турган шайлоого катышууну каалагандардын саны 60ка жетти

Эки округда кайра өтө турган шайлоого катышууну каалагандардын саны 60ка жетти.

Бирок БШК алардын 18ин гана талапкер кылып каттады. Расмий катталгандардын

тизмеси БШКнын сайтында жайгаштырылды. Анын ортосунда талапкерлерден арыздарды

кабыл алуу бүгүн кечки саат 6да аяктайт. Ал эми өзүн-өзү көрсөткөндөр документтеринин

толук пакетин 30-январга чейин тапшырышы керек. Эске салсак, Свердлов жана

Биринчи Май округдарында кайра шайлоо 27-февралда өтөт.