Кыргызстанда унааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү системасы кайра
киргизилиши мүмкүн. Жол-транспорт коопсуздугун текшерүү жана көзөмөлдөө башкармалыгынын
жетекчиси Гүлсада Ибраимова билдиргендей, мындай норма ЕАЭБдин техникалык регламентинин
талабы. Башкача айтаканда, өлкөдөгү бардык транспорт каражаттары техникалык кароодон
өтүшү керек. Эске салсак, 2012-жылы Кыргызстанда унааларды милдеттүү түрдө техникалык
кароодон өткөрүү жокко чыгарылган. Бул коррупцияны алдын-алуу максатында жасалган болчу.