Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Армениядагы элчиси болуп дайындалды.
Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Расмий маалыматка ылайык, Россиядагы элчи Армениядагы кызматын
Москвада туруп айкалыштырып иштейт.
Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы ыйгарым укуктуу
элчиси болуп быйыл февралда дайындалган.